Печать
Категория: Коом
Просмотров: 166

Ошондой эле атайын кызмат Өмүрзаков прокуратура органдарынан кетүү тууралуу арыз жазды деп ишендирди.

«Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган шектүүлөр «Жол-Чырак и КО» ЖЧК кенинин аймагындагы мыйзамсыз көмүр казууга катыштыгы бар экендиги далилденди», — деп билдирди атайын кызмат.

30-январда Бишкектин биринчи май райондук соту Өмүрзаковдун баш коргоо чарасын карап, аны башка жакка кетпөө шарты менен бошоткон.

Өмүрзаков өткөн жылдын 12-ноябрында Оштогу көмүр казган «Жол-Чырак и Ко» компаниясын рейдерлик басып алууну уюштурууга айыпталып кармалган болчу. Ошондой эле, прокурор менен биргеликте ишке тиешеси бар төрт киши да кармалган.

«Жол-Чырак и Ко» компаниясынын негиздөөчүлөрү Алмас Жоробеков жана Муратбек Исраилов арыз менен кайрылган. Алар аталган компанияны Кутман Шермат уулу аттуу киши басып алганына даттанышкан.

Ошондой эле, бул ишке Улук Өмүрзаковдун да тиешеси бар экенин айтышып, ал ээлик кылган «Мухаммед-Умар» коопсуздук агенттиги «кендин чыныгы ээлерин ишканага кирүүгө тоскоолдук кылып жатканына» даттанышкан.

Өмүрзаков Биринчи май райондук соту тарабынан 30-январда эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил каттын негизинде бошотулган. Ал — ИИМдин башчысынын орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси.

Бирок өзү прокурор болуп иштеген бул эргул мамлекеттик маанилүү кен байлыкты басып алып, андан канча киреше жасады болду экен? Ал эми болгону 20 млн. сом менен юридикалык жоопкерчиликтен да кошо кутулуп кеткендиги адилетсиз болууда.

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити