Мурда “Азаттык” радиосунда иштеген журналист Ыдырыс Исаков Оштун “Бабаханы” аталган миллионер Жалил Атамбаевдин мыйзамсыз ишмердүүлүгүн чагылдыргандан кийин ысымы коомчулукка дүң болуп, өзү да Оштон түз эле аталган маалымат каражатынын баш кеңсеси жайгашкан Прага шаарына стажировкага жиберилген болчу. Бирок кийин, былтыр 4-октябрда өтө ыплас өткөн парламенттик шайлоодо бул кесиптешибиз кайсы саясый партиядан депутаттыкка аттанып (кийин алдыңкы тизмеге илинбей калган), “Азаттыктагы” жумушунан да айрылып калган эле.
Бирок учурда Ош шаарында жашаган иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкектеги борбордук кеңсесине суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзү «Азаттык» радиосуна 1-февралда мындай деп билдирди:
“Эртең саат жетиге барып калышым керек экен. Бул катты мага УКМКнын Оштогу башкармалыгы 14:00дө берди. Кайсы иш боюнча экенин айтышкан жок. Бул жерде “Эгер барбасаңыз ЖПКнын 121-беренесинин негизинде мажбурлап алып баруу чарасы колдонулат» деп жазылып турат. Мажбурласа мажбурлап алып барсын. Бишкекке баргыдай акчам жок, азыр”.
Буга чейин Ыдырыс Исаков УКМКнын Ош шаарындагы бөлүмүнө күбө катары 27-январга суракка чакырылган. Мурда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) Ош облустук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Айбек Токоевдин иши боюнча күбө катары чакырылганы кабарланган.
Булак: “Майдан. kg” гезити