Өткөн айдын биринчи жарымында онлайн форматында мектеп окуучулары арасында математика, информатика жана физика предметтери боюнча Жаутыков атындагы Эл аралык ХVII олимпиада өткөрүлдү. Ага 20 өлкөдөн 1006дан ашык окуучу катышты. Кыргызстандын командасы 40 окуучудан түзүлсө, анын 15и Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин тарбиялануучулары эле.
Мурдагы жылдардагы олимпиада, сынактардай эле бул жолу да “Сапаттын” окуучулары эң мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү. Алсак, математика сабагы боюнча сынакта Оштогу “Сема” лицейинин 11-классынын окуучусу Эрдан Апиев, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Тилек Аскербеков, информатика боюнча сынакта Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучулары Ислам Давлетов, Артур Айдаров, ушул эле мектептин 10-классынын окуучулары Талант Дыйканбаев, Нарындагы М.Субакожоев атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Данияр Бейшекеев жана Кызыл-Кыядагы И.Раззаков атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Бексултан Алмазбеков коло медалдарга ээ болушту. Же “Сапаттан” катышкан окуучулардын жарымы байгелүү орундарды ээлешти.
Жалпысынан “Сапаттын” окуучуларынан 1996-жылдан бери биология, математика, физика, химия, информатика, эл аралык экология, информатика, табигый илимдер боюнча предметтик олимпиадаларда 3 окуучу биринчи, 36 окуучу экинчи, 117 окуучу үчүнчү, долбоордук олимпиадалар боюнча 109 окуучу биринчи, 156 окуучу экинчи, 226 окуучу үчүнчү орундарды ээлешти.
2020-жылы ЖРТнын жыйынтыктары боюнча алтын сертификаттарды алышты.
Мындай мыкты көрүнүштөр “Сапаттан” бүткөндөрдүн дүйнөдөгү эң абройлуу деген жогорку окуу жайларына тапшырып өтүп, алардын ишке жайгашуусуна да мүнөздүү болуп саналат.
“Сапаттын» бүтүрүүчүлѳрү окуган, иштеген жерлер
“Сапат” азыр Кыргызстанда гана эмес, дүйнөлүк билим берүүдө бренддик көрүнүшкө айланган. Алсак, 2017-2018-окуу жылынан тартып “Сапаттын” лицейлеринде «College Counseling” программасы аркылуу бүтүрүүчүлөрдүн дүйнөдөгү мыкты жогорку окуу жайларында билим алууларына артыкчылык бериле баштаса, ал ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда. Алсак, 2018-жылдын жыйынтыгы менен 315 бүтүрүүчү чет өлкөлөрдөгү абройлуу жогорку окуу жайларына өтүштү. Тагыраак айтканда, дүйнөдөгү эң мыкты деген 100 университетте 25 бүтүрүүчү, алардан сырткары АКШнын жогорку окуу жайларында - 43, Канадада- 17, Англияда - 6, Гонконгдо- 16, Кореяда – 3, Сингапурда - 5, Польшада- 47, Кытайда- 32, Германияда - 6, Венгрияда - 7 студент билим алышууда. Алар “Сапаттын” мугалимдеринин жетекчилигинде англис тилинен TOEFL, информатикадан IСДL борборлорунда даярданышып, Toefl SAT cынактарынан өтүшүп, тапшырышкан.
1996-жылдан бери “Сапатты” бардыгы болуп 13474 улан-кыз бүтүрүп чыгышса, алардын 40 пайыздан ашыгы чет өлкөлөрдө, калгандары Кыргызстандын жогорку жайларында билим алышкан жана алышууда. 2016-2017-окуу жылына салыштырганда 2018-2019-окуу жылында дүйнөнүн мыкты ЖОЖдоруна тапшырып өткөн бүтүрүүчүлөрдүн сандары эки эседен ашык көбөйдү.
Окутуу-тарбиялоо иштеринин натыйжалары боюнча лицейлер республиканын жалпы орто билим берүү системасында туруктуу эң алдыңкы орундарды ээлеп келишүүдө. Андай натыйжаларга алар ар бир окуучунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен индивидуалдуу мамиле жасоо, заманбап усулият, билим жана таалим тарбия берүүнүн эң алдыңкы ыкмаларын колдонуу, ата-энелер менен биргеликте аракеттенүү аркылуу гана жетишүүдө.
Лицейлерди аяктагандардын 262 бүтүрүүчүсү педагогикалык кесиптерге ээ болушуп, “Сапаттын” өзүнүн лицейлеринде мугалим болуп эмгектенишүүдө. Бүтүрүүчүлөрдүн арасында дүйнөгө белгилүү Microsoft, Samsung, Nestle, Googlе сыяктуу жана башка дүйнөгө белгилүү компанияларда эмгектенип жатышкандары да аз эмес.
Мындай ийгиликтердин сырлары эмнеде?
“Сапат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштесе, 1996-жылы алгачкы бүтүрүүчүлөрүн чыгарган. “Сапаттын” курамына 16 лицей, Эл аралык Ала-Тоо университети, Эл аралык “Силк Роад” мектеби, 4 толук эмес жалпы билим берүүчү мектеп кирет. Аларда азыр 10500гө жакын окуучулар жана студенттер билим алып жатышат.
Лицейлерге окуучулар тестирлөө жолу менен гана кабыл алынат. Алардын арасында күндө үйлөрүнөн каттап окугандары да, интернаттык формада билим алышкандары да бар. Акыркы формада билим алышкандар үчүн бош убакыттарын пайдалуу өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Окуучулардын кызыкчылыктары боюнча кружоктор уюштурулган, спорттун дээрлик бардык түрлөрү боюнча секциялар иштейт. Окуу программалары Кыргызстандын стандарттарына ылайыкташтырылган, ошол эле мезгилде англис тили тереңдетилип, ал эми математика, физика, химия, биология, информатика предметтери англис тилинде окутулат. Тереңдетилип окутулган экинчи негизги чет тили –түрк тили болуп саналат.
Окутуу акылуу жүргүзүлөт, бирок анда дифференциялашкан ыкма колдонулат. Көп балалуу жана ата-энелеринин материалдык абалдары начар үй-бүлөлөрдүн балдарына, мыкты окугандарга жеңилдиктер каралган. Окутуу акысынын эң төмөнкү чеги - 1800, ал эми эң жогорку чеги - 3500 доллар. Ата-энелерден жыйналган акчалардын бардыгы окуу каражаттарын сатып алууга, окуу корпустарын жана жатаканаларды кармоого, материалдык техникалык базаны чыңдоого жана окуучулардын тамак-аштарына, тейлөө иштерине, мугалимдердин эмгек акыларына жумшалат.
Лицейлердин бардыгы предметтик кабинеттер, компьютердик класстар, лабораториялар, аудио-видеотехникалар менен камсыздалып, интернетке кошулган. Китепканаларына жыл сайын жаңы китептер, окуу-усулдук колдонмолор, көркөм адабияттар, энциклопедиялар жана сөздүктөр, мезгилдик басылмалар, электрондук окуу материалдары сатылып алынып турулат.
2018-жылы “Сапаттын” 12 лицейи аккредитациядан ийгиликтүү өттү. Алар жалпы билим берүүчү мектептин стандарттык талаптарын бекем сактап, Уставдык милдеттерин эң жогорку деңгээлде аткарышууда.
“Сапатта” мыкты мугалимдер гана иштешет
Мурдагы советтик мезгилдеги эң башкы ураандардын бири- “бардыгын кадрлар чечет” ураан болсо, ал “Сапат” мекемеси түптөлгөндөн бери негизги принцип, эң башкы сын-ченем катары кыйшаюсуз сакталууда. “Сапатка” мугалимдер, тарбиячылар ачык сынактын негизинде билимине, тажрыйбасына, чеберчилигине, жөндөмүнө гана карата тандалып алынат. Мында тааныш-билиштикке, ар кандай кызыкчылыктарга таптакыр орун берилбейт, аны кыргызстандыктар жакшы билишет. Окутуунун сапатын жакшыртуу үчүн чет өлкөлөрдөн да мугалимдер чакыртылып турат. Алсак, учурда лицейлерде эмгектенип жатышкандардын 995и кыргызстандык, 131и түркиялык, 52си башка мамлекеттерден келген мугалимдер болуп саналышат. Техникалык кызматкерлердин саны 1150, алар окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу, саламаттыгын сактоо, санитардык–гигиеналык талаптарды камсыз кылуу, имараттарды, айлана чөйрөнү тазалап, ирээтке келтирүү жааттарында эмгектенишет.
Лицейлер - жатак мектептери, анда мугалимдерден сырткары 230га жакын тарбиячылар да иштешет. Окуучулар саат 17.00дөн эртең мененки саат 7ге чейин тарбиячылардын көзөмөлүндө болушат. Алардын үчтөн биринен ашыгы – педагогикалык жогорку билимдүүлөр, ал эми калгандары педагогикалык ЖОЖдордун жогорку курстарында окуп жатышкан студенттери болуп саналышат. Алар окуучулардын тартиптерине көз салып, коопсуздуктарын, бош убакыттарын маңыздуу өткөрүүлөрүн камсыз кылышат.
“Сапат” – табылга, ал сакталып, ѳнүктүрүлүүсү гана керек
“Сапат” отуз жылга жакын убакытта кылымга тете жолду басып өтүп, өлкөбүздүн билим берүү системасынан бренддик ордун бекем ээледи. Алардан бүткөн улан-кыздардын орус мектептерин бүткөндөрдүн айрымдарына окшоп, улуттук тилден, маданияттан, каада-салттардан жана үрп-адаттардан алыстап, ороңдоп-чороңдоп кетпестен, тескерисинче, аларды терең өздөштүргөн, ийкемдүү, ыймандуу жаштардан болуп калыптанышарын көрүп келатабыз. Ал эми билимдеринин, таалимдеринин сапаты жөнүндө айттык, ал жагынан дүйнөнүн эң мыкты деген өлкөлөрүнөн калышпайт. Мына ушул өңүттөрдөн алганда, аны табылга десек эч кандай аша чапкандык болбойт.
Мындай табылгалар сакталып, өнүктүрүүлүсү гана керек. Ансыз биздин ишенимдүү” келечегибиз болбойт.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити