Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-январь күнү ИИМдин аскердик-дарыгерлер комиссиясынын төрагасына карата өкүм чыгарды.
Милициянын полковниги 2020-жылдын 2-ноябрында кармалган. Тергөөдөгү маалымат боюнча, Ж.Ж. ички иштер органдарында эмгектенүүнү каалаган жарандардан акча алып турган. Ал талапкер ички иштер органдарында эмгектенүүгө жарактуу экенин көрсөткөн медициналык маалым катты жасап берчү.
Бул иш ачыкка чыккандан кийин Жазык кодексинин 325-беренеси (пара алуу) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө учурунда шектүү күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга макул болгон.
Жыйынтыгында Ж.Ж. пара алганы үчүн күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди.
Булак: Баракелде