Президент Садыр Жапаров кечээ, 28-январда «Газпром» компаниясынын төрагасынын орун басары жана директорлор кеңешинин мүчөсү Виталий Маркеловду кабыл алды.
Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, өлкөнү газ менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар талкууланды.
Мамлекет башчысы «Газпром» Кыргызстандын газ тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгилеп, бул багытта жүргүзүп жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле эки тарапка тең пайдалуу кызматташууну арттырууга даярдыгын баса белгиледи.
Өз кезегинде Виталий Маркелов Садыр Жапаровдун президенттик кызматына киришүүсүнө байланыштуу «Газпром» компаниясынын жетекчиси Алексей Миллердин куттуктоосун жеткирди.
Ал өлкөдө жүрүп жаткан газ түтүктөрүнүн тартылышы тууралуу билдирип, компаниянын жакынкы келечекке карата, анын ичинде үйлөр менен ишканаларды газдаштыруу жолу менен Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча пландары жөнүндө маалымдады. Ошондой эле ал «Газпром» бир катар социалдык долбоорлорду жана программаларды ишке ашырып жатканын белгиледи.
Булак: Баракелде



