Печать
Категория: Коом
Просмотров: 150

 Президенттин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 27-январда КТРКнын эфиринде Садыр Жапаровдун ант берүү аземине кимдер чакырылганы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, чакырылгандардын 80 пайызы — жөнөкөй жарандар. Алардын тизмеси Садыр Жапаровдун шайлоо штабы менен макулдашылган.

«Мындайча айтканда, инаугурацияга бардык кыргызстандыктар чакырылды. Алар салтанатты түз эфирде көрө алышат», - деди Касмамбетов.

Ал жаңы шайланган президенттин пикири дагы эске алынганын кошумчалады.

«Садыр Жапаров бардык экс-президенттерди, экс-премьер-министрлерди, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларын, президенттик шайлоого катышкан талапкерлерди чакырууну суранды. Президенттик шайлоодо эң көп добуш алган талапкерлер чакырылды», - деди Касмамбетов.

Ошондой эле инаугурацияга Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлик жана ведомстволордун башчылары, дипломатиялык корпус катышат.

Иш-чарага журналисттер киргизилбейт. Салтанат КТРКда түз эфирде көрсөтүлөт.

Булак: Баракелде