Печать
Категория: Коом
Просмотров: 181

Бирок алар кайра Россияга кетүүдөн кыйналышууда. Анткени,  Бишкектен Москвага учкан самолёттун баасы 4-5 эсе жогорулап кеткен. Ошондуктан, карапайым калк бул жагдайды териштирүү үчүн бийликке байма бай кайрылууда.

Алардан талабы боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Орусияга учак билеттеринин негизсиз көтөрүлүп кетиши боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Финансы полициясы текшерүү максатында Бишкек шаарындагы авиакассалардын бирине кайрылып, Бишкек-Москва багыты боюнча 67 800 сомдук авиабилет сатып алды.

Анда учуунун наркы туроператор тарабынан жасалма жол менен көтөрүлгөнү аныкталды, ал жогорку суроо-талаптан пайдаланып, авиабилеттердин наркын мыйзамсыз жогорулаткан.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Тиешелүү авикомпаниялар азырынча комментарий бере элек.

Орусияга учак билеттеринин кымбат сатылып жатканы бир нече айдан бери айтылып келген. Ал тургай ЖК депутаты Акылбек Жапаров мигранттарды Москвага поезд менен болсо да жөнөтүп, ал жактагы бош калган жумуш ордун ээлөө менен Кыргызстандын какшып турган экономикасына салым кошуунун жолун издеген сунушун айткан.

Буга чейин кыргыз тарап Орусияга кайрылып, билеттердин баасын жөнгө салууну суранган.

Булак: “Майдан. kg” гезити