Печать
Категория: Коом
Просмотров: 163

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматынын укуругу  Транспорт жана жол чарба министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директорунун да мойнуна илинди. Ага карата мыйзамсыз байыганына байланыштуу фактыларды аныктаганын билдирди.

“И.Ш.М. аттуу кызматкер мамлекеттик жогорку кызматта турганда кымбат баалуу турак-жай, автоунаа, бодо мал сатып алып, кирешесин жашырган. Кыргызстандын Жазык кодексинин 323-беренесине ылайык ага карата сотко чейинки териштирүү башталды» деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызматтын маалыматына караганда Жол чарба департаментинин директору үч хансарайды, бир нече кымбат автомашинаны, Бишкектин борбордук бөлүгүндө 20 батирди өз атына эмес, туугандары менен жакындарына каттатып койгон.

Ошондой эле, ал жакындары менен чет өлкөгө эс алууга барып турганы билинди. Азыркы тапта бул министрликтеги башка кызматкерлердин да каржылык абалы текшерилүүдө.

УКМК директордун аты-жөнүн толук атаган эмес. Бирок расмий булактарда бул кызматта 56 жаштагы Шабданбек Иманкулов турганы белгилүү.

Транспорт жана жолдор министрлиги өлкөбүздөгү өтө коррупциялашкан тармак экендиги белгилүү. Мындан мурда министрдин орун басары италиялык компаниядан тендерде утканы үчүн жарым миллион доллар пара алып кармалган болчу. Эми дагы бир департаментинин башчысынын эбегейсиз байлыгы ашкереленип отурат. Деги бул министрликте колу жеткендин баардыгы эле үзүп-жулуп турат окшойт...

 

Булак: “Майдан. kg” гезити