Печать
Категория: Коом
Просмотров: 127

Акыркы жылдары борбор калаада курулуш тармагы  кирешелүү бизнес гана эмес,  коррупциянын да очогу болуп калгандыгын көпчүлүк эл билбесе да, алардан квартира сатып алуу үчүн алдын ала акчасын берип, бирок убактысы келгенде келишимде көрсөтүлгөн турак-жайга ээ болбой калгандар же такыр эле куржалак калган бишкектиктер жакшы билишет. Бул тармактын коррупциялашып калгандыгы – курулуш үчүн тиешелүү уруксат берүүчү мекемелерден уруксат алуу, жер тилкесин бөлдүрүүнүн баары айланып келип мыйзамсыз акчага барып такалат. Керек болсо, бул коррупциянын башында Акүйдөгүлөр турары да жашыруун эмес болчу.

Бирок азыркы бийлик андай элдин эсебинен акча жасагандар менен табакташ болбой, былыктарын ачыкка чыгарууда. УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча,  Бишкекте мыйзамсыз көп кабаттуу үйлөрдү курууга байланышкан коррупциялык схема аныкталды. Атайын кызматтын маалыматына караганда, турак үйлөр тиешелүү документтери жок компания тарабынан, мамлекеттик органдардагы кызмат адамдарынан турган топтун калкалоосу астында курулган.

Белгиленгендей, үйлөр курулуш-монтаж иштерине керектелүүчү инженердик тармакка мыйзамсыз туташтырылган.

«Жооптуу жогорку кызматтагы кызматкерлер жана иштеп чыгуучулар тарабынан жасалган мындай аракеттер ошону менен келечектеги жашоочулардын ден соолугуна, ошондой эле жакын жайгашкан турак үйлөргө техногендик кырсыктын жогорку тобокелдиктерин жаратат», – деп белгилешти УКМКдан.

Коопсуздук комитети макулдашылбаган курулуш борбор калаанын экологиясына дагы терс таасирин тийгизерин билдирди. Аны менен бирге «белгиленген ченемдерди жана талаптарды бузуу менен курулган имараттар, эч кандай компенсация төлөнбөстөн куруучунун эсебинен милдеттүү түрдө бузулууга жатат».

 

Булак: “Майдан. kg” гезити