Печать
Категория: Коом
Просмотров: 113

Эске салсак, 23-январда алтын кенин иштеткен фабрикага караштуу саркынды суу сакталуучу жай ачылып кетип, сайга кошулган.

Ишкананын 24-январдагы билдирүүсүндө алтын иштетүү жараянында цианид колдонулбай турганы айтылган. “Кыргызалтын ” ишканасы кырдаал жөнгө салынганын, анын кесепети ыкчам жоюлганын, жергиликтүү элдин жашоосуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч жок экенин кабарлаган.

Жергиликтүү бийлик калдык түшкөн жердин төмөнкү жагындагы айылдын элине кайрылып, дарыянын суусун ичпей турууну эскерткен. Интернетте жергиликтүү айрым жашоочулар сууга цианид төгүлүп, уулуу калдыктар сактаган жайлар ачылып кетиши ыктымал деген кооптонууларын билдиришкен.

 

Элгезит