Печать
Категория: Коом
Просмотров: 178

Журналист Санжи Туйтунова соцтармактагы баракчасы аркылуу  улуттун санын өстүрүү темасына байланышкан талкууга өз пикирин кошту. 

"Бул экөө отуруп алып улуттун санын өстүрөт элек деп катуу бушайман болуптур. Кыз-келиндер милдеттүү эмес төрөгөнгө. Өз денеси - өз иши. Үйгө кирип аял, сыртта эркек болуп жүргөн аял булардын тилин алып үч-төрттү төрөп алса улутка күйгөн бул экөө бир тыйын бермек беле? Мамлекет да колдоо көргөзбөйт. Бир-эки жыл мурда да ак элечекти кийген бирөө ушундай ураан көтөрүп чыкты эле. Экинчи-үчүнчү аял болууну легалдаштырууну кыйытып. Сапаттуу улут болгуңар келеби, анда кан аралаштыргыла жээндер деп жерибей. Өзүңөр башка улуттан аял алгыла. Кыздар төрөгүсү келгенде өзү барып, тандап ала турган лабораторияларды ачкыла анча болду. Акысын чөнтөккө чак кылгыла. Мыкты адамдарды "улутка колдоо кылгыла, урук тапшыргыла" деп марафонго чакырып турасыңар. (бул какшык албетте) Вообще балдарын карабай кеткен эркектерди кастрация кылыш керек. Экинчи жолу балалуу болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып. Аялын, үй-бүлөсүн кордогондорду соттоп, эшектей кылып эзип иштетиш керек мамлекеттин пайдасына. Акысын үй-бүлөсүнө которуп коюш керек колуна бербей. Алардын тукумун багат элем деп аял байкуш эмнеге кыйналып, күлгүндөй өмүрүн өткөрүп, карып кетиши керек? Ансыз деле кыргыз аялдары беш-алтыдан адамды багат азыр. Ошондо эркектер ойлонуп калмак. Ошондо сапаттуу улут болмок. Үй-бүлө куруу жашын жогорулатып салыш керек 16-20 жаштан үйлөнтпөй. Кааласа жарандык никеде жашай беришсин. Бирок шарты болмоюнча балалуу болбо деш керек".

Журналист айтып жаткан экөө - журналист Олжобай Шакир жана бизнесмен Жумадил Эгембердиев. Жакында Олжобай Шакир бизнесменден алган интервьюсун Ютубдагы баракчасына жарыялаган. Анда алар улуттун санын көбөйтүү керек деген темада ой жоорушуп, аягында "жалгыз бой айымдардын баары төрөшү керек" деген тыянакка токтолушкан.