Печать
Категория: Коом
Просмотров: 551

Президенттикке талапкер болгон Клара Сооронкулованын арызы Бишкек шаардык административдик сотто каралды. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти. 

Маалыматка караганда, сот КР административдик-процессуалдык кодексинин 171, 175, 203- беренелеринин негизинде төмөнкүдөй чечим чыгарган: 

"Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 20-январында чыгарган "2020-жылдын 10-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын аныктоо боюнча" токтомун жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандыруудан баш тартылды". 

Ошондой эле, чечим чыгарылган убактан тартып күчүнө кирет жана Жогорку сотко даттанууга арыз ээсинин үч күн убактысы бар. 

Эске салсак, Клара Сооронкулова сотко 22-январда кайрылган. Ал БШКнын шайлоонун жыйынтыгын аныктаган токтомун мыйзамсыз деп таап, аны жокко чыгарууну талап кылган. Ал Садыр Жапаровдун соттуулугу бардыгын эскерткен жана мандат алууга чейин талапкердин соттуулугу бардыгы аныкталса, анда Борбордук шайлоо комиссиясы же сот тарабынан шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылып, шайлоо жыйынтыгы жараксыз деп табылаарын белгилеген.

Сооронкулова мындан башка да бир нече негиздерди келтирген. 

Бирок Бишкек шаарынын административдик соту аныктагандай, Садыр Жапаровго карата соттун айыптоо чечимин  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясы жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра караган. Ошондуктан, Садыр Жапаровдун президенттик кызматына киришүү алдында эч кандай соттуулугу жок.