Печать
Категория: Коом
Просмотров: 154

Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Анарбек Калматов парламенттин 20-январындагы отурумунда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Дамирбек Назаровдун талапкерлигин Жогорку Соттун судьялыгына көрсөттү.

Анын талапкерлигин президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы  Талант Мамытов сунуштаган.

Парламентте жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында Дамирбек Назаровдун талапкерлигин 92 депутат колдоп, бирөө каршы болгон.

Дамирбек Назаров  ант берип, депутаттарга  колдоп бергени үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Булак: Маралфм