Садыр Жапаров инаугурация күнү Бишкектин айрым көчөлөрүндөгү кыймылды токтотууга жана ашыкча чыгым кетирүүгө тыюу салганы белгилүү болду. Бул тууралуу Адинай Марипова соцтармактагы баракчасына жазды. Айтымында, жаңы шайланган президент инаугурацияны шаан-шөкөт менен өткөрүүгө каршы болгон.
"Садыр Жапаров, 10 миллион сомдук чыгымга да каршы экенин билдирди. Инаугурация күнү жолдор жабылбайт. 10 миллион сомдук чыгым болбойт. Инаугурация жөнөкөй эле өтөт. Филармониянын алдынан эле залга кирет, ант берет, кайра чыгып кетет. Андан сырткары, президент болгондон кийин баарынан МАИнин коштоосун алып, жол жапканды токтотот”, - деп жазды.