Печать
Категория: Коом
Просмотров: 121

Жөн гана амбицияны сугарыш үчүн мындай жасалма "сыйдын" эмне кереги бар? Өтө эмгеги сиңгендерге башка медаль-ордендерди беришсин.

Өлкөдө журналисттер жанталашып иштеп, өлкөнүн бардык жагын чагылдырып жатышат. Жаман көрүнгөнү жаман көрүнүп, таяк жегени таяк жеп... Антсе да жалкыбай, чындыкты жазып жатышат. Мен сергек журналистика жөнүндө айтып жатам... Мына, ошол журналисттердин арасынан эмгек сиңген журналист, эл журналисти деген наамы жок эле өлкөбүз региондо сөз эркиндиги боюнча эч кимге камчы салдырбай келатат. Дагы бир жолу, мен ар кайсы президенттен саат сурап, грамота талап кылып, же мэриянын мактоо баракчасы үчүн чыр салгандар жөнүндө айткан жокмун! Нечендеген коррупционерлердин изине түшүп, канчасын кулагынан сууруп чыгып жатышат? Алардын материалдарынан кийин гана иликтөөлөр болуп, болбогону "былтыйгандар" тарабынан 3 жыл бою факт суралган боюнча калып жатты. Ошол кур наамдардан көрө кесиптик чөйрөдө эмгеги сиңгени жакшы, арабызда эл аралык сынактардын ээлери бар! Мына ошолор менен сыймыктанабыз.

Буга чейин эле наамдар боюнча көп чыр болгон. Көбүнчө бийлик башында тургандар тарапташтарын көбөйтүү аракети менен сыйлыктарды таратышат, артында коррупциянын куйругу сүйрөлүп жүрөт.

Азыркы чырдын башы чыгармачыл адамдардан башталып кетти. Арасынан жаш балдар сырттагы шооуну көчүрүп, туурай коюшуп, элдин каарына калды. Ар бир ишти баштаганда анын тобокелдигин да эске алыш керек. Мына, ошол "долбоордо" элдин менталитети, коомдун кабыл алуусу эске алынбай калган.

Ошол эле чыгармачыл балдар биз уюштурган социалдык, кайрымдуулук иш-чараларды колдоп, нечендеген бөбөктөрдү ажалдын, оорунун оозунан сууруп алганбыз! Бул жагынан биздин чыгармачыл адамдар мактоого татыктуу. Бирок "жакшы болуш миң паста, жаман болуш бир паста" болуп кетти.

Эми ошол чөйрөгө баш баксак.

Рыспай Абдыкадыров агабыздын көзү барында "Эмгек сиңирген" деген эле наамы бар болчу. Эми анын чыгармасын эл кандай сүйүп ырдашат. Музыка маданиятынын туу чокусунда турган адамдын чыгармасы наамы жок эле ар бирибиздин жүрөгүбүздө.

Орустардын каналынадагы шоу программага бир барып катышып келгендерге "ураалап" наамдарды берип салышты, кээ бирөөлөрүн тааныбайбыз дагы, кээ бирөөлөрү көздөн кайым...

СССР учурундагы артисттер элди, жерди таанытып, нечендеген дүйнөлүк сахналарда ырдап жүрүшчү. Болот Минжылкиев агабызды алып кетүү үчүн кандай аракеттерди жасап жатып, акыры алып кетишкен. Дүйнөлүк операда ария аткарган Кайыргуль Сартбаева эжебизди убагында регион боюнча тандап жатып, нечендеген казак, өзбек, орус ырчыларынын арасынан сууруп чыгышкан.

Алды дүйнөлүк ареналарда ырдап, арты өлкөнү кыдырып, элдин маданиятын көтөрүү үчүн салым кошуп келишкен. Азыр айылдарда барып концерт кое турган клубдар калдыбы?

Эми бир жолу шоуларга катышып келген бардар-кыздар бир тең, ал эми нечендеген эл аралык сынактарда өлкөбүздү таанытып келген, чыныгы адистигин сүйгөн, сахнаны сыйлаган, нечен жылдардан бери эмгек кылып жүргөн чыгармачыл адамдар бир тең...

Элдик, эмгек сиңирген деген наамды берген соң, мамлекет да аларды ошончо баалаш керек.

Өткөндө академиялык топто иштеген бир эжебиз таарынды. Бизге керек деп. Кандидат, доктор, академик керек экен. Кана алардын эмгектеринин үзүрү? Алардын үнү кана? Таш ыргыткандар, кыйкыргандар үстүбүздө тебелеп жүрөт. Кана интеллигенция? Кана маданият?

Грузия бизге окшоп эле СССРдин курамынан чыккан. Алар өздөрүнүн дареметине жараша бул наам берүү тутумун жок кылып салышкан. Бюджетке бир топ жеңилдик. Андан Грузия элинин маданияты өксөп калган жок. Ошол Гварцителли, Палиашвили дегендер шоу эмес, майрамдык чоң концерттерде РФнын сахналарында ардактуу болуп жүрүшөт. Казакстандан жаш ырчы чыгып, нечендеген дүйнө өлкөлөрүн кыдырып жүрөт.

Ошондуктан бийликтин жактоочуларын көбөйтүүнүн инструменти болгон бул кур наамдарды жоюу керек.

Мотивация алыш үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги наамдарга умтулуу керек. Өзүбүз менен өзүбүз жуурула бергенден пайда жок.

Бул наамдарды алып салса, нечендеген чилистендердин армиясы кыскарат, чыгармачыл адамдар эркин болушат, аларды эч бир чиличтен коркутпайт, басынтпайт, чыныгы атаандашуу болот, тигинтип кесиптик маданий окуу жайын маданиятсыздык, сатылма соттордун жана чилистендердин жардамы, каракчылык менен эч ким басып ала албайт.

Авланбек Жумабаев, журналист