Бишкекте акыркы он беш чакты күндөн бери түтүн азайып, асман көрүнүп калды. Ага эмне себеп болду? Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.
"Он беш күндөн бери шаарды каптаган түтүн азайып калды. Бирок Өкмөт каптаган түтүнгө унааларды себеп катары көрсөтүп келген. Азыр эмне унаа азайдыбы? Мурдагыдай эле унаалар каттап жатат го? Андыктан, унааларды гана түтүндүн себеби катары кароо туура эмес экен. Бишкек ЖЭБинин ишин да жөнгө салуу зарылчылыгы турат",- деди ал өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып.
Депутат Айнуру Алтыбаева да ушул маселеге токтолуп: "Улан-Батор шаары да биздегидей абалды төрт-беш жыл мурун башынан өткөргөн. Ага ылайык, алардын жана башка шаарлардын тажрыйбасын эске алуу менен маселени чечишибиз керек", - деди.