Печать
Категория: Коом
Просмотров: 264

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгерим Бешимбаева студенттердин талабына басым жасады. Айтымында, өкмөт студенттердин маселесине үстүртөн карабашы керек. 

"3000ге чамалаш  студент контракттык төлөмдү азайтуу маселесин көтөрүп жатат. Өкмөт мыйзамдарга ылайык, студенттерге жеңилдик бериши керек. Анткени, студенттерге оор. Жумушсуздук күч, баалардын наркы өсүүдө", - деди депутат. 

Эске салсак, жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери онлайн окутуу режими учурунда контракттык төлөмдөр азайтылышы зарылдыгын айтып чыгышкан. Бирок окуу жайлар студенттер аралыктан окуганы менен санитардык-эпидемиологиялык аракеттерге көп чыгым сартпалып жатканын белгилешкен. Ошондуктан, алар төлөмдөрдү азайта алышпай турганын айтышкан.