"Маршруткалардын жол киресин 15 сомго көтөрүү боюнча демилгесин колдобойм.
Мен орто мектептин мугалими болуп иштейм, айлыгым 8500. Ошондо 15 сомдон күнүнө "пересадка" менен барып келгенде 60 сом, айына 1200 сом, түшкү тамак- 2000 сом, батир акысы - 5000. Сумма 8200. Пайда 300 сом
Эгерде, 10 сомдон жол кирени эсептесек айына 800 сом. 400 сом болсо да ашыгыраак табат экем.
Негизи минтип атаандаша берсек, көйгөй ар бир тармакта бар. Мен ошол маршрутканын айдоочусунун баласын болбогон 8000 миң сом үчүн окутпайм, жок дегенде 20-25 миң кылып бергиле деп забастовка кылсам туурабы?
Алардын негизги кардарлары студенттер, окуучулар карантинде! Эртең баары окуп баштаса эле күнүнө 3000-4000 таап, жакшынакай жашап каласыңар. Чыдагыла! Баарыбыз чыдайлы!" - деп жазды Улан Дүйшөналиев аттуу мугалим соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, эки күндөн бери Бишкектеги кичи автобустардын айдоочулары жол кирени 10 сомдон 15-20 сомго чейин көтөрүү талабын коюп, иш таштоо кылышууда.