Печать
Категория: Коом
Просмотров: 122

Ырчы Айжан Газиева Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын тегерегиндеги чыр боюнча пикирин соцтармактагы баракчасына жазды. Эске салсак, Самара Каримова аталган окуу жайынын директорлук кызматын эмгек жамаатынын каршылыгына карабай аркалап баштады.

"Мугалимдер үчүн ыза болуп жатам! Чын айтам, ызаңдан ыйлагың келет! Айрыкча улуу муундагы мугалимдер үчүн! Болуп көрбөгөндөй окуя орун алды! Моралдык нормалар кайда? Биздин коом, мыйзам, бийлик алардын укугун коргой албайбы? Мамлекеттик музыкалык мекемелердин жетекчилигине бир гана студенттер эмес, мугалимдер да карап түздөнө турган адам дайындалышы керек да! Музыкадан берген катардагы мугалим болуш үчүн 20 жылдап окуган, өтө чоң эмгек стажына ээ, өлкөнүн маданиятын өнүктүрүү үчүн таланттуу адамдардын бир нече муунун тарбиялаган педагогдор жаратмандыкка маданияттын жогорку билимдүү ишмерлери, культрология илимдеринин академиктери, профессорлору, докторлору менен гана бара алышат! Ушул акыйкаттуулук! Мындай жетекчи билим берүүнүн туура идеологиясын түзө алат! Мен ишмердүүлүгүн бардык музыкалык мекемелеринен билим алуудан кийин гана баштаган, көп жыл эң аз мугалимдик айлык менен иштеген музыка мугалими катары мугалимдердин табиятын билем жана унчукпай кое албайм! Биздин коом мугалимдердин кызыкчылыгын коргобосо жаркын жакта боло албайбыз!  Билимсиздик билимдин күчүн, адеп-ахлактык баалуулуктарды жок кылат! Эстүүлүк куру сөз эмес. Же өлкөдөн чыгып кетишибиз керекпи..." - деп жазды Айжан Газиева.