Печать
Категория: Коом
Просмотров: 106

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, мектеп окуучулар этап-этабы менен окууга бара башташты.

"Толук окуп жаткан мектептер дагы бар. Ал жерден бир-эки мугалимден коронавирус чыгып калып жатат. Окуучулар арасында мектеп шартында коронавирс жуктуруп алган учур катталган жок. Көзөмөл катуу болууда. Бишкекте дагы окуучулар мектепке бара баштады. Ата-энелерге айтарым, балдарыңыздарды мектепке барардын алдында жана келгенде анын ден соолугун карап коюңуздар", - дейт ал.

Үсөнбаев балдар арасында оору катталбай турган болсо, анда мектептердин баары кадимки тартипке өтөрүн айтат.

Булак: Кабар