15-январда түнкү саат 03:00дөр чамасында Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалынын постто турган кызматкерлерине Урмат аттуу жигит жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу аталган органдан кабарлашты.
Маалыматка караганда, толгоосу келип, төрөт үйүнө жете албай калган келиндин төрөтүн инспекторлор машинада кабыл алууга аргасыз болушкан.
"Инспекторлор аялды автоунаанын ичинде эле төрөтүп алып, андан соң тез арада жеткирүү үчүн патрулдук машинасы менен Чүй облустук ооруканасына чейин коштоп барышкан. Бактылуу ата-эне өз убагында жардам бергени үчүн инспекторлорго ыраазычылык билдиришти. Бүгүнкү күндө эне-баланын саламаттыгы жакшы, төрөт үйүнөн чыгарылды", - дейт аталган орган.
Ал инспекторлор кийин эне-баланы төрөт үйүнө көргөнү барып келишти.