Акыркы учурда соцтармакта айрым ырчылардын жоругу катуу талкууга түшүүдө. Эстрада ырчысы Курал Чокоевдин Ютуб каналындагы көрсөтүүсүндө кыргыздын адеп-ахлагына туура келбей турган сөздөрдүн айтылган. Коомчулук бул жаштардын таалим-тарбиясына терс таасирин тийгизет деген пикирде.
Мындан улам, Курал Чокоев маданият министри Нуржигит Кадырбековдун буйругу менен "Маданияттын мыкты кызматкери" сыйлыгынан ажыратылды. Ага дейре эле, жосунсуз жорук жасаган ырчылардын сыйлык-наамдарынан ажыратуу демилгеси коомчулук тарабынан көтөрүлгөндө эле ырчы: "Ала турганыңар сыйлык болсо эле алгыла, бердим", - деп опурулган.
Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев маданий чөйрөдөгү мындай көрүнүштү да талдоого алып, мамлекеттен алган сыйлыктарынан кайра берип салуу ырчыларга оңой-олтоң нерсе болсо, ойлоно турган иш экенин белгилейт.
Ырчылар берилген наамдарын, сыйлыктарын, "медаль-седальдарын" оңой -олтоң эле "кереги жок, өзүм кайтарып берем" деген сөздөрү көп нерседен кабар береби деп ойлойм.
Мүмкүн, негизи эле совет доорунан бери келаткан, ошол менталитетке шайкеш келген наамдар, медалдар, отличник, грамота, диплом, звание деген системаны түп тамырынан өзгөртүш керектир? Жаңы доордо башкача сый урмат болушу керектир? Болбосо, ушул наамдар, " заслугалар" үчүн да жанжалдар чыгып, көптөгөн таарынычтар болуп, бул дагы бир ыплас системага айланып бараткан жокпу?", - деп жазды Акматалиев соцтармактагы баракчасына.
Экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов мамлекет тарабынан бир гана ырчыларга эмес, ар кайсы тармактын өкүлдөрүнө берилчү сыйлыктардын такыр эле кереги жок деп эсептейт.
"Мугалимдерге да ар кандай жасалма наамдардын кереги жок. Жакшысы алардын эмгегин баалаганды билишибиз керек. Мисалы, окуучу райондук сынактан жеңсе, анда ошол предметтен берген мугалим жана окуучу мугалимдин эки айлык маянасынын өлчөмүндөгү сыйлык менен сыйлансын. Эгер республикалык сынакта жеңсе, 4 айлык маянасынын көлөмүндө, а эгер эл аралык сынакта жеңүүчү деп табылса, анда жарым жылдык айлык маянанын көлөмүндөгү сыйлык жана мугалимге автоматтык түрдө Эмгек сиңирген мугалим наамы берилсин. Башкысы аны аткаминерлер чечпесин, мугалимдин эмгеги компьютер аркылуу баалансын", - дейт экс-депутат.
Чындыгында, Кыргызстанда наам, сыйлыкка байланыштуу чыр-чатак көп кездешет. Ар бир жолку сыйлык, наамдарды тапшыруу аны албай калгандардын нааразычылыгы менен коштолот. Айрыкча, маданият тармагынын өкүлдөрү нечен жылдан бери чыгармачылыктын казанында кайнап, ырлары элдин жүрөгүнөн орун тапкан улуу муундагылар четте калып, кечээ эле сахнада пайда болуп, жылтырак көйнөгү жана техниканын өнүккөн ыкмаларынын жардамы менен бир аз угумдуу кылып алган үнү менен элге тааныла калгандар наам алып жатканына нааразычылыгын дайыма билдирип келишет.