Печать
Категория: Коом
Просмотров: 139

2021-жылдын 11-январында «Кыргыз алтын» ААКнын акционерлеринин кезексиз чогулушунда берилген арызга ылайык, ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү Матиев Айбек Аширбековичтин ыйгарым укуктарын токтотуу чечими кабыл алынды.

Кыргыз фондулук биржасы билдиргендей, Балтаев Жыргалбек Абдисаматовичти «Кыргыз алтын» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кылып шайлоо жөнүндө чечим кабыл алынды.

2013-жылы Ж.Балтаев өкмөт аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүндө жер казынасын пайдалануу секторунун башчысы кызматына дайындалган.

Булак: Баракелде