Эстрада ырчысы Курал Чокоевдин Ютуб каналындагы таалимсиз көрсөтүүсү көпчүлүктүн сынында калды эле. Мындан улам коомчулук маданият министри Нуржигит Кадырбековго ырчыларды тартипке чакырып коюу өтүнүчү менен кайрылышкан.
Кадырбеков өз кезегинде чектен чыккан сөздөрдү айткан маданият өкүлүн мамлекеттик сыйлыгынан ажыратылганын жарыялады. Ушул себеп болдубу же башкабы айтор, өздөрүн жарандык коом деп атаган тарап Кадырбековдун кызматтан кетишин талап кылышты.
"Менин отставкамды талап кылгандар кыла беришсин, демократия -алардын өз укугу. Алар менен кайым айтышууга убакыт жок, иштей турган учур азыр. Адеп-ахлак, нарк насилдүү элге сөгүнүү туура келбейт. Биз дагы өзүбүздүн жумушубузду аткара беребиз",- деп жооп берди аларга Нуржигит Кадырбеков.