Печать
Категория: Коом
Просмотров: 106

Ал суракка кирип баратып журналисттерге кайсы ишке байланыштуу чакырылганын билбей турганын, пандемия маалындагы сатып алууларга тиешелүү болушу мүмкүндүгүн айтты. Бирок ал кезде өкмөт жакшы иштегенин кошумчалады.

Финансы полициясы ал күбө катары чакырылганын билдирген, бирок чоо-жайын маалымдаган эмес.

Аталган мекеме 2020-жылдын октябрында коронавирус пандемиясы учурундагы гуманитардык жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иштин алкагында мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалган. Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да күбө катары суралып, өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

Финпол тергөө-иликтөө иштеринин натыйжасында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Газел Соболь» үлгүсүндөгү 10, «Форд Транзит» үлгүсүндөгү үч «Тез жардам» автоунаасы жалпысынан 1 млн. долларга өз наркынан кымбат баада сатылып алынганын билдирип, мамлекет ири өлчөмдө зыян тартканын маалымдаган.

2020-жылдын 15-июлда Саламаттык сактоо министрлиги 13 «Тез жардам» автоунаасын жалпысынан 764,9 миң долларга сатып алганы кабарланган. Машинелер Дүйнөлүк банктын «Кыргызстанда түрдүү кырсыктарга туруштукту күчөтүү» долбоорунун алкагында алынган.

Булак: “Майдан. kg” гезити