Печать
Категория: Коом
Просмотров: 111

Бул тууралуу чечим шаардагы Жарандык коргонуу штабынын жыйынында кабыл алынды.

Карантиндик чаралар күчөтүлгөндөн бери Ош шаарындагы бөбөктөр туптуура 10 айдан кийин бала бакчага кайрадан кайтышты. Мамлекеттик бала бакчаларга иштөөгө уруксат берилгени менен алардын баарын кабыл алышпайт. Анткени, алгач мектепке даярдоочу жана чоң тайпалар иштейт.

Бирок санитардык талаптар кынтыксыз аткарылуусу шарт. Ар бир бакчада сактык чараларына карата даярдык күчөтүлгөн. Ошондой эле, балдар кабыл алынган соң, аларга күн сайын жугуштуу ооруну алдын алуу боюнча түшүндүрүү сабагын өтүү менен башталат. Ал эми бакчалардагы калган тайпаларга кабыл алуу этап этабы менен ишке ашат.

Буга чейин Ош шаарында 1-5-9-11-класстарга окуу жүрүп жаткан. Эми 14-январдан баштап, калган бардык класстарды толук түрдө реалдуу окуу процессине өткөрүү чечими кабыл алынганын Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Санталат Аматова билдирди.

Буга чейин маалым болгондой, Ош шаарындагы жеке менчик балдар бакчалары менен мектептердин иштешине жаңы окуу жылынын башында эле уруксат берилген. Бирок эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, мамлекеттик мектептер менен бакчалардын ишине толук уруксат берилген эмес. Калаада 81 мектеп, 79 бала бакча бар. Кошумчалай кетсек, Ош шаарында акыркы үч күндөн бери коронавирус илдетине чалдыккан адам катталган жок.

Булак: “Майдан. kg” гезити