Жер титирөө Жайылма айылында 2 балл, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Табигый кырсыктан жабыркагандар болгон жок.
Өлкө аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдирди.
3,5 баллдык жер титирөө бүгүн, 13-январь күнү, түнкү саат 01:07де катталып, Ош облусунун Чоң Алай районундагы Жайылма айылында 2 балл, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Табигый кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Источник: sputnik.kg