Печать
Категория: Коом
Просмотров: 600

Кыргыз өзү көпкө көнбөй, азга көнүп үйрөнгөн. Жакшы жолду көргүсү келбейт. Чукулап, ажылдап, жалаа жаап, ичи күйдүлүк кылып жүрүп жок кылып тынат. Анан тынчып, жели чыгып олтуруп калат. Негизи Раим Матраимов боюнча анчалык глобалдык деңгээлде проблема кылбай акырын териштирсе болмок.

"Азаттыктын", Алинин ушагынан азыркы учурда Кытайдан келген товарлар Казакстан аркылуу кирип жатат. Ортодо Казакстан Республикасы бажыдан түшкөн пайданы көрүүдө. Али казактардын пайдасына иштеп берди. Мындан кийин Кыргызстанда кымбатчылык, Казакстанда арзанчылык болуп, биздин бизнесмендер товарларды казактардан ташып калышы мүмкүн. Бул күндөр алыс эмес.

Раим Матраимовго асылып токтобой жаткандар Кыргызстандын экономикасын эле эмес, атамекендик ишкерлердин бизнесин, талкалап жатасыңар. "Дордой", "Кара-Суу", "Мадина" базарларын, жеке түрдүү курулуш ж.б. товарлар менен дүңүнөн жумуш жасаган ишкерлердин абалын көргүлөчү сурамжылоо жүргүзүп?

Соода,бизнес тынчтыкты каалайт. Тескерисинче, Раим Матраимовго баатырлык наамды бериш керек болчу. Алиге окшогон бузукуларды жоопко тартыш керек. Ишкерлердин жумушуна зыян болгонун сурап чыккыла. Бүгүнкү күндө канчалык кыйын, татаал болуп, бардык тараптан бизнестери артка кетти.
 
Чукулашып, бир бирине ичи тардык кылып, Америкага чейин арызданып, арамдык кылып отурбай иштин жагдайына туура маани беришип, экономикасын өнүктүрүп жатышат. Качан көрө албастык, бузукулук токтомоюнча, "Азаттык" баш болгон Али сыяктуу арамзаада журналисттер, Батыштан каржыланган НПОлор, укук коргоочу болумуштар жок болгондо тынчыйбыз.

Кыргызстандын ичине бейпилдик,өнүгүү орносун десек, калыс баа бергенди үйрөнөлү.

Надира Нарматова, экс-депутат