Печать
Категория: Коом
Просмотров: 188

Ал педофилдердин картасын түзүп, алардын жүзүн ар бир кыргызстандык билгидей кылуу керектигин ѳзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, кыздарга мектеп партасынан чоочун адамдар ээрчитсе ээрчибегенге, тааныбаган адамдын автоунаасына отурбоого үйрѳтүү керек. Педофил кимдер экенин билбеген улуу муундагылар бар. Интернеттеги порнография жеткиликсиз болушу абзел. Ата-энелер балдарынын телефону менен компьютерлерин акыркы жолу качан текшергендиктери белгисиз. «Ошон  үчүн биз  да Казакстандагыдай педофилдер тууралуу маалыматтар камтылган картаны түзүшүбүз керек.  Казакстанда ушундай карта бар. Ал сайтка каалаган адам кирип, жазасын ѳтѳп жаткан  педофилдер жѳнүндѳ маалыматтарды ала алышат», - деди Э. Сурабалдиева.

Маалымат үчүн айта кетсек, акыркы жылдары ѳлкѳбүздѳ педофилизм кѳрүнүшү күчѳп, андайларга каршы күрѳшүү боюнча ар кандай сунуштар айтылып келген. Коомчулуктун бир бѳлүгү педофилдерге ѳлүм жазасын киргизүү зарылдыгын айтышса, ЖК депутаты Дастан Бекешев педофилдерди кастрациялоо аркылуу жазалоо керектигин билдирген.

Булак: «Майдан. kg» гезити