Печать
Категория: Коом
Просмотров: 147

 Борбордук шайлоо комиссиясы уюштурган 1255 кыска номурлуу ишеним телефону иштеп жатат. Бул номур аркылуу жарандар президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга тиешелүү маселелер менен кайрыла алышат.

БШК билдиргендей, кол-борбордун ачылышынын максаты – жарандарга шайлоо процессинин жүрүшү жана добуш берүүгө катышуунун эрежелери тууралуу маалымат берүү, ошондой эле шайлоого жана референдумга катышуусун активдештирүү.

Кайрылган адамдарга БШКнын адистери жооп беришет.

Булак: Баракелде