Печать
Категория: Коом
Просмотров: 130

Талас районунун Кызыл-Адыр айылында тез тамактануучу жайда газ жарылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Департаменттин маалыматы боюнча, өрт тууралуу саат 14: 54тө билдирүү түшкөн.

- Өрттү болжол менен саат 15: 28де чектөөгө болот, учурда өрттү толук өчүрүү иштери улантылууда, - деп билдирди ӨКМ.
Ошол эле учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги Vesti.kg сайтына жарылуудан 11 адам жаракат алгандыгын маалымдады.
- Алардын бардыгы ар кандай деңгээлдеги күйүк менен Кара-Буура ооруканасына жаткырылды, - деп ошол жерден такташты. - Төртөөнүн абалы оор.

Источник: vesti.kg