Печать
Категория: Коом
Просмотров: 148

Кыргызстандын вице-премьер-министри Элвира Сурабалдиева өлкөдө бачабаздардын (педофил) маалыматтары менен карта түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook`тагы баракчасына жазган.

Анын айтымында, мектептен баштап элементардуу нерселерди - балдар-кыздарга чоочундарды ээрчибегиле, машинасына отурбагыла, такыр сүйлөшпөгүлө, алданбагыла дегенди да үйрөтүү керек.

“Бачабаздардын ким экенин чоңдору да билбеген учурлар бар. Интернеттеги порнографияга өспүрүмдөр үчүн чектөө болушу зарыл”, - дейт ал.

Сурабалдиева 13-жаштагы кызды бир нече эркек зордуктаганы далилденгенде, айылдаштары, тескерисинче, ал кыздын өзүн, ата-энесин күнөөлүү кылып салган учурду мисал келтирди.

Буга байланыштуу Сурабалдиева Кыргызстанда Казакстандагыдай педофилдердин картасын түзүп, алар тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгаруу туура деп эсептейт.

Булак: Кабар