Печать
Категория: Коом
Просмотров: 141

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев №47 түзөтүү абагына которулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда жубайы Раиса Атамбаева АКИpress маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев Жаңы жылга чейин УКМКнын абагынан №47 түзөтүү абагына ден соолугуна байланыштуу которулган.

«Ал жаткан абак суук болчу. Дарыгерлер да жок эле. Азыр ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. 31-декабрда ага жолукканы барып, тамак-аш жеткирип келдик», - деди ал.

Булак: Баракелде