Чычкан жылында төрөлгөндөр
Сак жана куу “чычканды” Уй өтө деле аяй бербейт. Бул жыл белгинин алдында төрөлгөндөргө 2021-жыл оорураак болот, мында чыдамкайлык жана өжөрлүк керектелет. Фортунанын жылмаюусун күтпөй эле коюңуз, бир гана эмгек менен артка кетенчиктебеген кашкөйлүк ишиңизде жакшы жыйынтыкка жеткирет.
Чычкан жылында төрөлгөн мырзалар келаткан жылы ар бир ишине кылдат карап, жакшылап байкоо салышы керек. Ар кандай тобокелчиликтүү иш чаралардан качуу зарыл. Анткени, буга чейин топтогон каражатты коротуп алуу коркунучу бар. Астрологдор “чычкан”-мырзаларга жыл бою ар бир чечимин салмактап, ар бир кадамына этият болууну сунушташат. Ошондой эле, келерки жылы алар жубайы менен чырдашуудан алыс болгону оң. Үй-бүлөңүзгө көбүрөөк көңүл буруңуз.
Ал эми айым-“чычкандар” келаткан жылы бардык күчүн айланасындагыларга жакшы таасир берип, жагынууга жумшайт. Мүнөзүнүн артыкчылыгы ушул –жеке кызыкчылыгындагы гана эмес, мыйзамсыз аракеттерди да жүзөгө ашырууну каалайт. Бирок мындай чечимдеринин кесепеттерин ойлонушу керек. Айрым адамдар үчүн алар назик, романтик айым болсо, кээ бирлерге эсептешкен, катаал аялдай таасир калтырат. Бирок көпчүлүк айым-“чычкандар” чынында тиричиликке бүйрө келишет. Ошондуктан, өзүн жакшы жагынан көрсөтүүгө аракеттенбей эле, кандай болсо ошондой алып жүрсө жакшы таасирлер көп болот.
Уй жылында төрөлгөндөр
Эмгекчил жана токтоо “уйларга” Уй жылды ийгиликтүү, жагымдуу окуяларга бай кылууну убадалап турат. Азыр сиз карьералык тепкичтин эң ылдыйында турсаңыз да, бул жылдын символу сизге ийгиликтүү старттын жолун камдап койду. Уй жылында төрөлгөндөр жакшы каржылык абалга, алдыга койгон максаттарынын орундалуусуна жана баштаган ишин ийгилик жылоолой турганына ишеним арта берсе болот. Жалпысынан жыл бир топ жандуу болот – “уйлар” жаңы таанышууларга кезигет, өнөктөштүк жана достук мамилелер бекемделет. Бул келечектеги адистик тармагындагы жана коомдук жашоосундагы тирөөчкө айланат. Жылдын башталышында окуялардын күчтүү агымы токтоо “уйду” да алдастатышы мүмкүн, бирок коркпоңуз – сиз мындай агымга тез эле аралашып, өз ыңгайыңызга оодарып аласыз. Келаткан жылда опурталдуу окуялар жок, бирок жылдыздар электржабдыктары менен абайлап мамиле жасап, электрчайнегин, үтүк же тостер сыяктуу буюмдарды өз алдыңызча оңдобой эле коюуну сунушташат.
Жолборс жылында төрөлгөндөр
Уй жылы “жолборстор” үчүн өзгөчөлүү жыл болот. Жогорку күчтөр “жолборско” көптөн бери мынчалык ырайым кыла элек болчу. Келаткан жылы кандай ишти баштабасын, ийгилик коштойт. Анткен менен жыл жагымдуу болот десе эле, “жолборс” үчүн эч кандай көйгөй болбойт экен деп түшүнүп албаңыз. Бирок активдүү “жолборстор” кандай тоскоолдук болбосун тез эле ашыкча күч кетирбей туруп жөнгө салат. Чыйрак жана шайыр Уй жылы ага бардык жагынан жардам берет. Уй жылы аларга жаратмандык ишмердүүлүккө киришүүгө кеңеш берет, бул үчүн сизде энергиянын жана күчтүн запасы толук жетишет. Эгер “жолборс” жалкоолонбой, бүт күчүн жумшаса, анда келаткан жылдын жыйынтыгы өтө жакшы болоорун убадалайт.
Коен жылында төрөлгөндөр
Уй жылы “коендор” үчүн ийгиликтин келиши катары сыпатталат. Алардын алдында сыйкырдуу таяк желпигендей эле бардык эшиктер ачылат, буга чейин такыр ачылбай келгени да жол берет. “Коендорго” өжөрлүк, күч жана кайрат таандык эмес, бирок жакшылык кылууга жүрөгү ачык, жумшак жана боорукер. Так ушул сапаттары менен Уй жылына жагышат. Сиздин толлеранттуулугуңуз жана ак ниеттүүлүгүңүз айлана-чөйрөңүздөгүлөр менен гармониялык мамиле түзүүгө жардам берет. Ошол эле убакта, келаткан жылы кимге болбосун жүрөгүңүздү ача бербеңиз, кимдир бирөө арам оюна пайдаланып кетиши мүмкүн. Уй “коендорго” кеңеш берет: эгер сиз кандайдыр бир жаңы долбоорду ойлонуштурсаңыз, ал ишке ашмайынча башкаларга айтпаңыз. Болбосо кантип идеяңызды уурдатып жибергениңизди билбей каласыз. Адамдар менен тез тил табышкан “коен” жаңы достуу болот. Бирок эмоцияңызды токтото билиңиз, анткени келаткан жылы жеке маанидеги каршылашуунун жаралуу коркунучу чоң.
Ажыдаар жылында төрөлгөндөр
Бул жылда төрөлгөндөр дайыма көңүл чордонунда болгону жактырышат. Уй алар өздөрүн бардык тараптан көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. “Ажыдаарлар” жыл ичинде абдан көрүнүктүү болушат, айланасындагылардын суктануусун жана өзгөчө көңүл буруусун жаратышат. Астрологдор “ажыдаарларга” этият болууну эскертишет, ошондо гана жолуңуздардан жолуккан тоскоолдуктарды жеңе аласыздар. “Ажыдаарлар” өзүн бош койбошу керек. Баштаган ишти жарым жолдон таштабашы жана фортунанын жылмаюусуна үмүт арта бербеши керек. Эгер сиз башка өлкөгө көчүп кетүүнү пландап жүрсөңүз келе жаткан жылы даярдык көрүңүз. Уй бул маселеде сизге жардам берет. Жыл бул белгинин алдында төрөлгөндөргө көп кызыктуу жана эсте калаарлык окуяларды камдоодо. Эң башкысы жеңиштерден текербеленип кетпеңиз. Ошондой эле, сүйүү жана мамиле жаатында да жолдуу болосуз.
Жылан жылында төрөлгөндөр
“Жыландар” Уй тарабынан көңүл буруудан четте калышпайт. Жыл белгиси сизге жаңыруулардын шамалын тартуулайт, бул жашооңузду жакшы нукка бурат. Жылдын биринчи айлары “жыланга” кубанычтуу сезилбеши мүмкүн, бирок туюмуңузга ишенбей эле коюңуз. Астрологдор бул жылдагы ар кандай ийгиликсиздер да кайсы бир жеңишти камсыздаарын айтышат. Чөйрөңүздөн кеткен адамдар жыйынтыгында чыныгы эмес достор болуп чыгышат, ишке ашпай калган долбоорлор курулай убакытты коротуу болгонун билесиз. Жашооңуздагы бардык терс көрүнүштөр өзүнөн өзү жайына келет. “Жыландар” жылуу ийинине кирип алып, жакшы турмушту күтүп отура бергени болбойт. Кандай маселе болбосун бетме бет чыгып чечишиңиз керек. Табияттан берилген даанышмандыгыңыз жумуштагы жамаатта дагы да кадыр-барк топтоого жардам берет. А карьерада секирик жасабайсыз, бирок жөрмөлөбөйсүз дагы, акырындык менен болсо да тепкичтерден ишенимдүү көтөрүлөсүз.
Жылкы жылында төрөлгөндөр
Уй жылы “жылкыга” таза барактай болот. Эгер карьералык амбицияларды ишке ашырууга каалоо болсо, анда чечкиндүү кадам таштаңыз. Бирок ал үчүн бел чечпей эмгектенүү керектигин түшүнүңүз. Жылдын башкы урааны сиз үчүн – эч нерсе жөн жай боло калбайт болоорун унутпай, аракетте болуңуз. Максаттарга жетүү үчүн көп иштөөгө туура келет, фортуна сиз тарапта, бирок жылдыздар ойлогон ойлоруңузду оңой эле аткарууну убадалашкан жок. Бардык күчүн жана билимин сарптаган “жылкы” бул жылды бардык жааттагы ийгиликтер мезгилине айлантып алат. Уй жылы энергиялуу “жылкыларга” мээримин төгөт –ийгиликке жана материалдык жетишкендикке жетише аласыз. Досторду унутта калтырбаңыз, кесиптештериңизге кандай учур болбосун кол сунуңуз. Ар кандай чакырууларды ыраазычылык менен кабыл алыңыз, бул достор жана кесиптештер менен мамиленин жакшыруусуна өбөлгө болот.
Кой жылында төрөлгөндөр
Уй жылы “койлордун” жашоосуна ийгилик жана татыктуу баалоону киргизет. Бир катар жагымдуу сюрприздер: карьералык өсүүдөн башталып, өнөктөштөрдүн сүйүүсүнө ээ болууга чейинки жүрөк кубанткан көрүнүштөрдү тартуулайт. Бул жылы сизге үй-бүлөгө көбүрөө көңүл буруп, жакын адамдардын колдоосуна таянууга туура келет. Табияттан берилген акыл-эси “койлорго” эзелки каршылашууларды токтотууга жардам берет. Эгер элдин көңүл буруусунда болгуңуз келсе, андай мүмкүнчүлүк бар – жыл бою ар кандай иш чараларга, көңүл ачуучу кечелерге чакырык көп болот, сизге арасынан эң кызыктуу жана пайдалуусун тандап алуу гана калат. Ошондой эле, жыл сизге кызыктуу таанышууларды тартуулайт, анын кээ бирлери келечек үчүн пайдалуу болуп чыгат. Жалпысынан, жыл мүмкүнчүлүктөрдү кеңири берет, болгону аны акыл менен кабыл алыш керек. Уктап жаткан таланттарыңыз ачылат, чыгармачылык иштер үчүн жагымдуу учур.
Маймыл жылында төрөлгөндөр
Бул жылы “маймылдар” эң бир тобокелдүү иштерди да коркпой баштай беришсе болот – жыл белгиси аларга ар кандай долбоорлорду ийгиликтүү аяктатууга убада берет. Эпчил жана баамчыл “маймылдар” бутактан бутакка секирип жатып эле ийгиликти кармап алышат. Уй аларга бир топ жактыруу менен карайт. Бирок жылдыздар шалаакылыгын жана туруксуздугун таштоого кеңеш берет – тыкан жана тың “маймыл” гана бардык мүмкүнчүлүктү пайдалана алат. Ишкер “маймылдар” үчүн бул жыл жашоодогу бурулуш болот. Көптөгөн долбоорлорду уюштурууга күч жана энергия табасыз, компаниянын жүрөгү, жетекчиликтин сүймөнчүлүгүнө айланасыз. Башкысы –маанилүү иштерге баам сала билиңиз. Жеке бизнести ачууну ойлонуштуруңуз, кесипти же иштеген жерди алмаштырыңыз, кошумча билим алыңыз жана карьерага олуттуу мамиле жасаңыз.
Тоок жылында төрөлгөндөр
Тоок белгисинин алдында төрөлгөндөрдүн көпчүлүгү үчүн 2021-жыл оңой болбойт, бирок аракетке береке болоору шексиз. Эмоционалдуу жана кумарлуу “тоок” кытай календарындагы эң бир өз башына балээни таап алган белги болуп саналат. Бирок шамдагайлык жана активдүүлүк аларга ойлогон ойлорун ишке ашырууга жардам берет. Башкысы –азгырыктарга алданып баарын тагдырдын жетегине кое бербей, өз жашоосунун линиясын түзүүгө аракеттениши керек. Уй жылы аларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Жаңы жылдын биринчи күнүнөн тартып кызматынан көтөрүлөт, сыйлык же кошумча айлык алышат. “Тоокторго” суктануунун кереги жок, бул сыйлыктар аларга берилген аванс гана. Жылдыздар аларга ар кандай чыр-чатакка кабылып калбаш үчүн бул жылы “чөптөн жапыз, суудан тынч” болуп жүрүүнү эскертишет. Эгер буга чейин ким бирөөнү капа кылган болсоңуз, кечирим сураңыз, Уй жылы жарашууларды оңойлоштурат. “Тооктор” көбүнчө ойлонулбаган жана шашылыш чечимдерди кабыл алышат. Астрологдор аларга өзүн өзү көзөмөлдөй билүүнү кеңеш кылышат – бул кесиптештер арасындагы жакшы мамилени бекемдеп, жеке жашоого гармония алып келет. Уй жылы кыймылсыз мүлк жана каржы жаатында иш алып барган “тоокторго” колдоо көрсөтөт.
Ит жылында төрөлгөндөр
Токтоо жана бир мүнөздүү “ит” Уй жылынын колдоосунун алдында тынчтык табат. Балким, бул белгиде төрөлгөндөрдүн кайсы бирине мындай кырдаал жакпайт – маанилүү окуялар жана карьералык тепкичтен көтөрүлүү кыйгап өтөт. Бирок кайгырбаңыз, бул жылы ар кандай көйгөйлөр, каршылашуулар, чыр-чатактар, жагымсыз окуялар да сизди кыйгап өтөт. Жалпысынан “ит” үчүн Уй жылын мыкты жана маанилүү болоору белгиленген. Андан тышкары жыл белгиси сиздин жашооңузду мыкты жагына өзгөртүүгө жардам берет, бирок сизге да түшүнүгүңүздү жана адаттарыңызды алмаштырууга туура келет. Эгер жаңыланууга даяр болсоңуз – алдыга! Уй күчтүү жана чечкиндүү адамдарга мээримин төгөт. “Иттер” Маймыл жылында баштаган иштерине аягына чыгарышат, толугу менен ишке берилсеңиз, келечекке пайдубал түптөйсүз. Келе жаткан жылы экинчи билим алууга жана ар кандай тренингдерге катышууга аракеттениңиз – убактыңыз жетет. Жеке жашоодо “ит” өтө сырдуу болот, бул жакшы – жакын адамдардан башка эч ким билбей турган жагдайлар болот эмеспи. Ден соолук жаатында “итте” көйгөй жаралбайт, келе жаткан жылы ден соолукту сактап гана тим болбостон, күч жана энергияны запастап аласыз.
Доңуз жылында төрөлгөндөр
“Доңуздар” үчүн 2021-жыл окуяларга бай болот. Алар кыялдарын жана кааалоолорун аткарып, кенен бут сунуп жашайт, үй-бүлөлүк жана тиричилик маселелерин шашпай чечишет. Уй жылында “доңуз” түйшүксүз күндөрдү өткөрөт, Уй жылы ага бардык көйгөйлөрүн жана чыр-чатактарды чечүүгө жардам берет. Майда нерселерге көңүл бурбай, жашоонун сапатын көтөрүү үчүн тынч жана чын дилден иштей бересиз. Бул белгинин алдында төрөлгөндөр өтө тынчы жок келишет жана өтө сезимтал жандар. Бирок алдыдагы өзгөрүүлөргө ойлонбой эле коюңуз – анын баары жакшы жагына болот. Жыл берген сюрприздерди ыраазычылык менен кабыл алыңыз. “Доңуз” жылында төрөлгөндөрдүн эмоциясын башкара билгендерин гана ийгилик коштойт. Өзүңүзгө жана жасап жаткан иштериңизге ишенимдүү болуңуз. Астрологдор сүйлөп жаткан сөзүнө этият болууну эскертишет. Сизге жашыруун айтылган сырлар башкалар үчүн да сыр бойдон калганы дурус. Көп сүйлөөктүгүңүз олуттуу талашка алып келип, жыйынтыгында досторуңузду жоготушуңуз мүмкүн. “Унчукпай коюу үйдөй балээден куткарат” дайым эстесеңиз эле, жашооңузга оң таасирин тийгизет.
Булак: “Майдан. kg” гезити