Печать
Категория: Коом
Просмотров: 209

Кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери 1-январдан тарта убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Жаңы жылды белгилөөнүн алкагында кытай тараптын демилгеси менен 2021-жылдын 1-январынан тарта "Торугарт" жана "Эркечтам" бекеттери убактылуу жабылат.

"Чек арадагы "Торугарт" бекетинде 2021-жылдын 4-январынан, "Эркечтамда" 2-январдан баштап унаалардын өтүшүнө уруксат берилет баштайт", - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик чек ара кызматы "Торугарт жана "Эркечтам" өткөрүү бекеттеринен Кытайдан Кыргызстанга жүк ташуучу унаалар гана атайын алгоритм боюнча өтө турганын эске салат.

Булак: Кабар