Кыргызстандын сот системасы акчалуулардын парасына, саясатчыларга көз каранды болуп отуз жыл коррупцияны гүлдөтүп келе жатат. Президенттин кылмышы ачыкка чыкса камалат, ал эми Жогорку Соттун төрагасы коррупцияга катышуу фактысы болсо камалбайбы? Камагыла коррупцияга катышуу фактылары болсо. Айырмасы жок качан, кайсы убакта коррупцияга катышуу фактыларына карабай. Азыр Жогорку Соттун төрайымы “судьяларды пара алып жаткан учурда кармалса гана ага кылмыш иши ачылуусу керек” деп айтып жатпайбы. Көрсө алар өздөрүнүн кылмыштарынын убактысына карап коргонуп калуу ыкмаларын мыйзамдаштырып, мыйзамдарды жазып алышыптыр. Демократиялуу өлкөлөрдө бул туура эмес нерсе. Коррупционер же кылмышкер болсо, фактылар табылып, күбөлөр далилдеп берсе кол тийбестик макамына карабай жазаланышы зарыл.