Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырып, азыр президенттикке ат салышып жаткан Садыр Жапаровго карата саясий куугунтук болгонун айтып чыкты. "Төө ашуудан өткөн соң, оо дегениң курусун" дегендей, Гүлбара айым ошол кезде унчукмай отуруп, эми Садыр Нургожоевичтин күнү тууп, өзүнүн артындагы былыктары чыга баштаганда айтып чыкканы эмнеси? Убагында ошол бармак басты, көз кысты мамилеси үчүн да жоопко тарса жарашат бул айымды. Үй-мүлкүн толук конфискация кылып, ичкен-жегендерин кустуруш керек. Анткени Кыргызстанды карызга батыргандар ушулар.