Печать
Категория: Коом
Просмотров: 151

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, мамлекетке зыян келтирүү фактысы мамлекеттик сатып алууларды текшерүү учурунда аныкталган. Ушул эле текшерүү мамлекеттик сатып алууда «Манас» аэропорту менен чет өлкөлүк компаниянын ортосундагы байланышты аныктаган.

Прокуратуранын версиясы боюнча, аэропорттун жетекчилиги чет элдик компаниянын кызыкчылыгын бир адам аркылуу ишке ашырып турган. Ошол эле адам 2018-2020-жылдары 16 тендерге катышкан дагы төрт компаниянын ээси болгон.

Компаниялар ошол эле адамга байланыштуу фирмалар аркылуу жалпы суммасы 430 млн. сомдон ашуун каражатты түзгөн конкурстарга катышкан.

Товарларды сатып алууну пландоо баскычында жогорулатылган баалар коюлуп, ал эми жеңүүчүлөрдү бузуулар менен аныкташкан.

«Сатып алуучу уюм жеткирип берүүчүлөрдү дискредитациялаган талаптарды жана критерийлерди койгон, конкурстун квалификациялык талаптарына жооп бербеген бир кишинин компаниясынын конкурстук билдирмелерин жактырган. Айрым жеткирип берүүчүлөр техникалык спецификация боюнча конкурстун кийинки этабына жеткиликтен жөнү жок ажыратылып турган», — деп билдиришти прокуратурадан.

Булак: “Майдан. kg” гезити