Печать
Категория: Коом
Просмотров: 115


Эске сала кетсек Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда маалымат жыйында Кыргызстанда тапкан кирешесине жараша жашабаган шектүү судьялар бар экенин айтып, мындай фактылар иликтенерин билдирген. Ошондон кийин эле Жогорку соттун төрайымы Калиева буту күйгөн тооктой бир ордуна тура албай, ары чуркап, бери чуркап маектерди берип, кол алдындагы табакташ коррупционер судьяларды коргой баштады. Коргоонун артында оңбогондой каражат турганын, ал табакташтары камалып кетсе, алардын артынан камаларын билип жатабы? Кызыл-кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет демекчи, кекиртеги кернейдей коррупционер судьялар өз жазаларын алышы керек.