2020-жылы кесиптик ишмердигине байланыштуу 50 журналист өлтүрүлгөн. Мындай учурлардын көпчүлүгү (68 пайызы) аскердик чыр-чатак жок өлкөлөрдө болгон. Бул тууралуу эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун берген маалыматында айтылат.
«Тынч деп эсептелген өлкөлөрдө барган сайын журналисттер көп өлтүрүлүп жатат. 2016-жылы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн өлүмүнүн 58 пайызы согуш жүрүп жаткан аймактарда болгон. Дал ушул тапта өлүмдүн 32 пайызы гана Сирия же Йемен сыяктуу согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдө же Афганистан жана Ирак сыяктуу аз-орто чыңалуудагы кагылышууларга дуушар болгон өлкөлөрдө болду», - деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, 2020-жылы каза болгон журналисттердин 84 пайызы атайын өлтүрүлгөн. 2019-жылы бул үлүш 63 пайызды түзгөн. Айрым журналисттер өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү белгиленди.
Эки жума мурун «Чек арасыз репортерлордун» докладынын биринчи бөлүгүндө дүйнө жүзү боюнча 400гө жакын журналист кесиптик иши үчүн түрмөлөрдө жазасын өтөп жаткандыгы айтылган. Журналисттердин жарымынан көбү беш мамлекеттин түрмөлөрүндө: Кытай, Сауд Арабиясы, Египет, Вьетнам жана Сирия. Былтыркы жылга салыштырмалуу камактагы журналист аялдардын саны 35 пайызга, 31ден 42ге көбөйгөн.
Журналисттерге карата зомбулук боюнча «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун отчету 1995-жылдан бери жыл сайын жарыяланып келет.
Булак: Баракелде