Печать
Категория: Коом
Просмотров: 165

«Чач» каймана аты менен таанымал криминалдык авторитет Эрнис Мурзахмедовдон бүтүндөй Жалал-Абад облусу коркуп турган. Бул тууралуу бүгүн, 24 декабрда маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, Мурзахмедов жетектеген криминалдык топ милиция кызматкеринин унаасын сүзүп, милиционердин өзүн дагы сабашкан.

«Алардын ИИМдин атайын багыттагы кызматкерин сабоого тиешеси бар», - деди Ташиев.

Ошондой эле УКМКнын төрагасы жарандар укук коргоо органдарына ишенбей калганын кошумчалады.

«Алар уюшкан кылмыштуу топтордон коркушат. Милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүнүн ордуна алар менен чогуу иштешип келген», - деди Ташиев.

Ал жакында УКМКнын кызматкерлери Чүй облусундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары тизмеде турган адамдарды кармашканын айтты. Өзүнүн айтымында, кармалгандар Токмок шаарын жана «Ош» базарын карап келишкен.

Булак: Баракелде