Печать
Категория: Коом
Просмотров: 96

Бишкекте сайма саюу боюнча чемпионат өткөрүлөт. Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт искусство музейинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, иш-чара музей менен "Кийиз дүйнө" коомдук фонду тарабынан 24-декабрда уюштурулат.

 

"Сайма чемпионатынын катышуучулары калыстар тобунун алдында эки саат сайма сайышат. Бул учур видеого да тартылат. Иш-чарада мындан тышкары 2020-жылга чейин тигилген мыкты белдемчилер да аныкталат", — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, мыкты саймачыны калыстар тобу аныктаса, мыкты белдемчини көрүүчүлөр тандашат.

Булак: Спутник.кж