Печать
Категория: Коом
Просмотров: 98

Сотторду кирешелери катуу көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди. 

"Сотторду кантип текшерерибизди айтып өтөйүн. Жогорку соттун 35 соту бар экен, баары Жип, Мерседес минип жүрүшөт. Биз алардын кымбат автоунааларды кайсы акчага алганын текшерип жатсак, эки күн мурда ушул эле Жогорку соттун бир судьясы үй-бүлөсү менен Дубайга эс алууга учуп кетиптир. Төрт кишинин барып-келиш жол киреси, эс алуусун эсептегенде 15-20 миң доллар болуп кетет экен. Кайсы акчага кетишти? Ансыз да соттордун шубасы 5 миң доллар, бут кийими миң доллар, жашаган үйү миллион доллар тураарын билебиз. Жакында кармалган соттун 20 батири бар экен. Бул эмне деген акмакчылык?! Буларды тартипке келтирмейин коом оңолбойт! Мындан ары баары декларацияга ылайык жашашат. Декларацияны кандай толтурушса, ошондой жашашсын. Арзан автоунааны жазыштыбы, Жип минишпесин, ошол унааны минишсин. Панелден курулган "хрущевка" тибиндеги үйдү көрсөтүштүбү, ошондо жашашсын. Социалдык теңдүүлүк орнотушубуз керек. Декларацияда башканы жазып, кымбат унаа айдашат. Бул кайдан деп сурасаң, тууганымдыкы дейт. А тууганы айылда жашаган карапайым адам болуп чыгат", - деди Камчыбек Ташиев.