Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун чет өлкөлөрдөгү мүлкү жана коррупциялык схемалары да текшерилет. Мындай маалыматты 24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйыны учурунда билдирди.
“Матраимов боюнча териштирүү аяктай элек. Эми анын тышкы аткезчилик байланыштары иликтенет. Анын башка өлкөлөрдөгү – Дубайдагы, Америкадагы, Европадагы, Азия өлкөлөрүндөгү мүлкү да текшерилет. Эгер тиешеси бар болсо, мыйзамдуу чара көрүлөт”,- деди УКМКнын жетекчиси.
Ташиевдин айтымында, Матраимов күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке төгө турган 2 миллиард сомду толук төлөп бүттү. Далилдерге ал күнөөсүн моюнуна алганы, тергөө менен кызматташып, толук көмөктөшкөнү жана кылмыштын башка да катышуучуларынын жүзүн ачканы себеп болду.
Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары Р. Матраимовдун аялына жана башка туугандарына катталган эс алуучу жайлары, мейманканасы Дубайда бар экендигин жазышууда.