Печать
Категория: Коом
Просмотров: 92

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп, анда мекеменин аткарган иштери тууралуу маалымат берди. Айтымында, 2020-жылы терроризм менен күрөшүү иш чарасынын алкагында, террористтик ишмердүүлүктү каржылык жактан колдогон эки канал аныкталган жана ири суммадагы жасалма доллар табылган.

"Андан тышкары Кыргызстандын паспортторунун жасалма түрү жана мыйзамсыз берилгендиги боюнча 15 факты аныкталды. Ошондой эле 3 жарылуу заттары, 13 даана ок атуучу курал табылган. 10 181 экстремисттик маалыматтар, 654 видеотасмалар, экстремисттик маанайдагы 9 сайт жана каналдар аныкталып, жок кылынды", - деди УКМКнын төрагасы.