Печать
Категория: Коом
Просмотров: 162

Калыстык үчүн айталы, бүгүнкү бийликтин коррупцияга каршы күрѳшү ѳз натыйжасын берүүдѳ. Ѳткѳн бийликтин тушунда коомчулуктун какшап айткан, дегендерине карабай Райымбек Матраимовго карата эч кандай чаралар кѳрүлбөй келген болсо, учурда  ал ѳзүнѳ козголгон кылмыш ишинин алкагында ѳлкѳ бюджетине 2 млрд. сомду кайтарууда. Бүгүнкү күндѳ 2 млрд. сомдун 61,1 пайызын, тагыраагы, 1 млрд. 223 млн. 512 миң сомду кайтарганын Финансы министрлиги маалымдады.  Ал акыркы 10 күн ичинде 450,1 млн. сом которгон, ал эми октябрь-ноябрь айларында 646,3 млн. сом которгон эле.

Бизди кызыктырганы, Р.Матраимов убада кылган 2 млрд. сомду толук кайтаргандан кийин эмне болот? Бул суроону гезитибиздин буга чейинки санында да бергенбиз.  Ага козголгон кылмыш иши кыскартылып,  жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби? Же кылмыш иши сотко жетип,  тиешелүү жоопкерчиликке тартылабы?

Эгерде Р.Матраимовдун иши саясий, укуктук жактан аягына чыксын десек, анда анын башкаруусундагы  Бажы системасындагы коррупциялык схема  жок кылынышы зарыл. Р.Матраимовду 2 млрд. сомду кайтаргандан кийин коррупциялык ишин кайра улантуусу же системадагы схеманын  башкалардын колуна  ѳтүүсү жѳнүндѳ сѳз болбоого тийиш. Анда коррупция менен күрѳшүү, кѳмүскѳ экономиканы ачыкка чыгаруу тууралуу сѳз кылбай эле койгонубуз оң.

Булак: “Майдан. kg” гезити