Печать
Категория: Коом
Просмотров: 122

«Кимди ким кѳрдү, Быржыбайды там басты» дегендей, ар кандай оор, башаламан учурларды пайдаланып, акча жасагысы келген, жеке максаттарын кѳздѳгѳн шылуундар, эргулдар чыкпай койбойт  тура.

Укук коргоо органдары тарабынан ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиевден «сизге козголгон кылмыш ишин кыскарттырып, токтоттуруп  берем» деп 160 миң доллар сурап, опузалаган  жаран кармалды. Ал ѳзүн жогорку даражалуу аткаминердин жакыны катары тааныштырып,  мындай «кызмат кѳрсѳтүүсүн» Финполдун тѳрага орун басарынын жардамы аркылуу ишке ашыра турганына ишендирген.

Ушундай эле шылуунчулук менен шугулданган дагы бир адам колго түшүрүлдү. Ал УКМКнын тѳрага орун басары Камчыбек Ташиевдин тууганымын  деп алдап, абакта жаткандарды эркиндикке чыгаруу  «кызматын» сунуштаган.

Укук коргоо органдары буга окшогондорго катуу чараларды кѳрүшүп,  алдын алуулары керек. Болбосо, канчалаган жарандарыбыз жок жерден алданып, ак жерден күйүп кетүүлѳрү мүмкүн.

Булак: “Майдан. kg” гезити