Бишкек ЖЭБинен, жеке турак-жайлардан чыккан түтүндѳрдѳн, аларга кошулуп Бишкектеги автоунаалардан чыккан түтүндѳрдүн белгиленген экологиялык нормаларга туура келбегендиктен улам Бишкектин үстү ышка толуп калганы баарыбызга маалым. Бул чоң кѳйгѳйгѳ айланды. Бирок аны кантип чечүүнүн жолдорун билбей башыбыз маң...
Ушуга байланыштуу социалдык тармактарда кѳйгѳйдү чечүүнүн ар кандай жолдорун айтышып, сунуштарын жазышууда. Бирлери авто унаалардын санын кескин азайтып, коомдук транспортту кѳбѳйтүү зарылдыгын айтса, башкалары катализатору жок авто унаалардын жүрүүлѳрүнѳ тыюу салып, аларга карата айып пулдардын суммасын кескин кѳбѳйтүү керектигин белгилешүүдѳ.
Карап кѳрсѳк, айтылган сунуштардын ар биринде негиз бар. Кандай болгон күндѳ да кѳйгѳй биротоло оң жагына чечилбесе да, борбор калаанын үстүн каптаган ышты шаардыктардын саламаттыктарына зыянын тийгизбечү деңгээлге түшүрүү зарыл. Тигиндей да, мындай да жолдор менен Бишкекти ыштан арылтуу жакынкы жылдары мүмкүн болбой калды кѳрүнѳт. Электробус, троллейбустар кѳбѳйтүлүп, жарандар электр энергиясы менен жүрүүчү автоунааларга жапырт олтурганда гана ыштан арылат окшоп калдык. Бирок ага чейин кантип, кандай чаралар менен ыштын зыянын азайтуу зарыл? Сиз кандай дейсиз, окурман?