Печать
Категория: Коом
Просмотров: 86

 Санкт-Петербургда Кыргызстандын 45 жаштагы жараны дайынсыз жоголгон. Бир нече күндөн кийин анын сөөгү Ленинград облусунун аймагынан табылды.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, М.Кубанычбек 17-декабрдан тарта изделип жаткан. Анын сөөгү 21-декабрда жеке турак жайдын жер төлөсүнөн буту байланып, башына баштык кийгизилген абалда табылды.

Полиция кызматкерлери ошол эле күнү 52 жаштагы жергиликтүү жашоочуну (эркек киши) шектүү катары кармашкан. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Булак: Баракелде