Бүгүн, 23-декабрда саат 10:00дө Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны башталат, деп билдирди басма сөз кызматы.
Күн тартибиндеги маселелер (өзгөрүшү мүмкүн):
1. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет);
2. «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет);
3. «2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет);
4. «2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет);
5. «2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет);
6. «2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу» мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет);
7. «2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган 2007-жылдын 27-июнундагы Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууга толуктоо киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жѳнүндѳ» мыйзамдын долбоору;
8. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет);
9. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет);
10. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салык кодекске, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет);
11. «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүнү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет);
12. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жарандык кодексине, “Күрөө жөнүндө" Мыйзамга, Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет);
13. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет);
14. «Электр энергиясын дүң сатып алуучуларды-сатуучуларды жана керектөөчүлөрдү-кайра сатуучуларды тарифтик жөнгө салуу жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.
Булак: Баракелде